ИШЕНАЛЫ АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

Жаркын келечек биз менен!

Ишеналы Арабаев атындагы КМУ

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – өлкөбүздөгү заманбап материалдык-техникалык базасы менен ата мекендик педагогикалык билим берүүнүн флагманы. 90дон ашык чет элдик өнөктөштөр менен келишими бар. Окуу процесси бакалавр, магистр, аспирантура, PhD багыты боюнча жогорку квалификациялуу адистер тарабынан ишке ашырылат. Профессордук-окутуучулук курам 920 адамдан турат, анын ичинде академиктер, мүчө-корреспонденттер, 50 илимдин доктору жана 262 илимдин кандидаты. Университетте 7 педагогикалык багыт жана 17 профилдеги билим берүү программаларынын (бакалавр, магистратура, орто кесиптик билим берүү) мамлекеттик стандарттары иштелип чыккан. Билим берүү иштери орто кесиптик, жогорку, кошумча жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү тармагында – PhD докторантурасынын 6 багыты, жогорку кесиптик билим берүүнүн 71 багыты, орто кесиптик билим берүүнүн 23 багыты, кошумча кесиптик билим берүүнүн 28 багыты боюнча жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык, 2022-жылдын 29-декабрында Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Кыргыз Республикасынын “Даңк” ордени менен сыйланган.

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 2022-жылы Европа уюмунун Сапатты изилдөө коому тарабынан эл аралык “Сапатты тандоо” («Quality Choice Prize 2022») сыйлыгына ээ болгон.

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 2018-жылдан бери КМШ мамлекеттеринин Педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча базалык уюмунун Коомдук кеңешинин мүчөсү жана педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча негизги уюму болуп саналат.

Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин 1944-жылдын 15-декабрындагы  №825 токтомунун жана Кыргыз ССР Эл агартуу комиссариатынын 1945-жылдын 19-январындагы  №11 буйругунун  негизинде Фрунзе шаарында  Кыз-келиндер педагогикалык училищеси ачылган. Окуу жай башталгыч класстын мугалимдерин даярдап чыгаруу максатын көздөгөн. 

СССР Министрлер Советинин №14253/р (4-сентябрь, 1950-ж.) буйругу жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1950-жылдын 24-октябрындагы №811 токтомуна ылайык, Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык училищеси 1950-жылдын 25-октябрынан тартып 5 жылдык окутуу мөөнөтү менен Кыргыз кыз-келиндермугалимдер институту болуп өзгөртүлгөн.

СССР Министрлер Советинин 1952-жылдын 22-июлундагы №18552 буйругуна жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1952-жылдын 5-августундагы №805 токтомуна ылайык, 1952-жылдын 1-сентябрынан баштап Мугалимдер институтунун базасында Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институту түзүлгөн. 

Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1953-жылдын 8-июлундагы «В.В.Маяковскийдин 60 жылдыгын белгилөө» жөнүндөгү №625 токтомунун негизинде Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтуна В.В.Маяковскийдин ысымы ыйгарылган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 23-июнундагы  №211 буйругунун негизинде окуу жай В.В.Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институту болуп өзгөртүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 24-декабрындагы №629 токтомуна ылайык, В.В.Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтуна алгачкы агартуучу жана коомдук-саясий ишмер Ишеналы Арабаевдин ысымы ыйгарылып, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институту болуп өзгөртүлгөн.

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  1994-жылдын 11-майындагы №307 токтомуна ылайык, Ишеналы Арабаев  атындагы  Кыргыз мамлекеттик педагогикалык  институту Ишеналы Арабаев  атындагы  Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети болуп өзгөртүлгөн. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы №260 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 3-майындагы №160 буйругунун негизинде окуу жай Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети болуп өзгөртүлгөн. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык,  2022-жылдын 29-декабрында Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Кыргыз Республикасынын “Даңк” ордени менен сыйланган.

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 2022-жылы Европа уюмунун Сапатты изилдөө коому тарабынан эл аралык “Сапатты тандоо” («Quality Choice Prize 2022»)сыйлыгына ээ болгон.

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 2018-жылдан бери КМШ мамлекеттеринин Педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча базалык уюмунун Коомдук кеңешинин мүчөсү жана педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча негизги уюму болуп саналат.

 

2025-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети өзүнүн 80 жылдыгын белгилейт. 1945-жылы аялдар педагогикалык окуу жайы катары негизделген. Бүгүнкү күндө университет өлкөнүн алдыңкы университеттеринин бири болуп калды.

Университеттин негизги максаты – заманбап талаптарга жооп берген сапаттуу билим берүү. Университетте 12 институт, 5 факультет, колледж бар, болжол менен 19 000 студент, 1000 жогорку квалификациялуу окутуучулар, анын ичинде 50 илимдин доктору жана 300 илимдин кандидаты эмгектенет.

Эл аралык таануу жана өнүктүрүү:

  • GreenMetric дүйнөлүк экологиялык рейтингинин жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ЖОЖдорунун арасында экинчи орунда;
  • Эл аралык долбоорлорго активдүү катышуу, анын ичинде Erasmus + EPIC;
  • Окутуучулардын илимий эмгектери Scopus жана Web of Science, ошондой эле дүйнөлүк абройлуу басылмаларда жарыяланат;
  • Түркия, Казакстан, Япония, Корея, Германия, Россия жана башка өлкөлөрдүн 90дон ашык ЖОЖдору менен эл аралык макулдашуулар;
  • Академиялык мобилдүүлүк программасы студенттерге чет өлкөдө билим алууга мүмкүнчүлүк берет.

Келечек бүгүн курулуп жатат:

  • 2025-2026-жылдары жаңы окуу имараттарын куруу жана жаңы билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу пландаштырылууда;
  • Багыттардын спектри кеңейүүдө — медициналык, юридикалык жана IT багыттары активдүү өнүгүп жатат, ошол эле учурда педагогикалык билим берүү артыкчылыктуу бойдон калууда.

Билим берүү бардык деңгээлдерде жүргүзүлөт — бакалавриат, магистратура, аспирантура, PhD. Бакалавриаттын бүтүрүүчүлөрү үчүн магистратурада окуусун улантуу үчүн шарттар түзүлгөн. Күндүзгү бөлүмдө окуган социалдык жактан аялуу студенттер жеңилдиктерди жана колдоо алышат.

Абитуриенттер үчүн ыңгайлуу маалыматтык портал түзүлдү: www.arabaevksu.edu.kg сайтында университеттин багыттары, кабыл алуу жана жашоо эрежелери тууралуу актуалдуу маалымат жайгаштырылган. Маалыматтын ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү — ЖОЖдун ишинин маанилүү принциптеринин бири.

Университет «Даңк» ордени (2022) жана Европалык сапатты изилдөө коомунун «Сапатты тандоо сыйлыгы» эл аралык сыйлыгы менен сыйланган.

 

Жетекчилик

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кесиптик бирлиги

Максаты: Университеттин кызматкерлеринин эмгек укуктарын, таламдарын билдирет жана коргойт, алардын социалдык жана экономикалык шарттарын жакшыртуу боюнча иш алып барат.

Миссиясы: Университеттин кесиптик бирлиги уюмунун мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо, эмгек акынын адилеттүү төлөнүшүн жөнгө салуу, жумуш орундарындагы коопсуздукту камсыз кылуу менен саламаттыкты сактоо жана ден соолукту чыңдоону уюштуруу.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кесиптик бирлиги кызматкерлердин эмгек укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоочу уюм. Эмгек шарттарын жакшыртуу, социалдык жана юридикалык кеӊеш берүү, ошондой эле кызматкерлердин, студенттердин ортосунда келип чыккан маселелерди адилеттүү чечүү боюнча иш алып барат. Кесиптик бирлик жалпы жамааттын, университеттин социалдык-экономикалык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн маанилүү жана демократиялык принциптерди ишке ашырууга жардам берет.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин бириккен кесиптик бирлиги уюмунун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары:

  • Жамааттык келишимди иштеп чыгып жана кабыл алат;
  • Ден соолукту чыӊдоо жана саламаттыкты сактоо боюнча иштерди уюштурат, ошону менен бирге кызматкерлердин жана алардын балдарынын эс алуусун, маданий эс алуусун уюштурат;
  • Каржылык мүмкүнчүлүгүнө жараша Кесиптик бирликтин мүчөлөрүнө материалдык жактан колдоо көрсөтөт;
  • Кызматкерлердин эмгекке болгон негизги укуктарын жана аларды социалдык жактан коргойт, коопсуз жумуш орундары менен камсыз кылууну ишке ашырат;
  • Кызматкелердин эмгек акыларын өз убагында төлөнүшүнө көзөмөл жүргүзөт;
  • Кесиптик бирлик уюмунун мүчөлөрүнүн эмгек шарттарын жакшыртууга жана алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык- экономикалык туруктуулугун камсыз кылууга камкордук көрөт;
  • Кесиптик бирлик уюму менен администрациянын ортосундагы келишимдердин жана макулдашуулардын аткарылышын көзөмөлгө алат;

Кесиптик бирлик уюму университеттин жетекчилиги менен социалдык өнөктөштүктүн алкагында кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча тынымсыз иш алып барат.

Эмгек укуктары жана кызыкчылыктары КР мыйзамдарына жана келишимдерге ылайык корголот.

Университеттин жетекчилиги менен кесиптик бирлик уюмунун ортосунда түзүлгөӊ жамааттык келишимде кызматкердин, студент, магистрант, аспирант жана PhD доктордун укуктарын жана таламдарын коргоо кепилдиктери белгиленген. Университеттин жетекчилиги жамааттык келишимде көрсөтүлгөн өзүнүн милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып, социалдык кепилдиктерди жана жеңилдиктерди берүүнү иш жүзүнө ашырып келет.

Азыркы күндө И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кесиптик бирлиги уюмунун мүчөлүгүнө 5860дан ашуун адам катталган жана катарына жаңы мүчөлөрүн тартуу максатында активдүү иш жүргүзүп келет.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү уюмунун Камкорчулар кеңеши мамлекеттик билим берүү уюмунун уставдык максаттарына жетүү үчүн көмөк көрсөтүү функцияларын жүзөгө ашыруучу, юридикалык жак статусу жок мамлекеттик билим берүү уюмунун биргелешип уюштуруу, башкаруусунун шайлануучу органы, ошондой эле кошумча (бюджеттен тышкаркы) каражаттарды тартуу жана алардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү. болуп саналат. 
КМУнун максаты – көрсөтүлүүчү билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, И.Арабаев атындагы КМУнун ишинин ачыктыгына салым кошуу, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугу.

КМУнун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • И.Арабаев атындагы КМУнун ишмердүүлүгүн натыйжалуу уюштуруу үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшүү;
  • И.Арабаев атындагы КМУнун уставдык максаттарын жана милдеттерин жетишүүгө көмөктөшүү. 
  • И.Арабаев атындагы КМУнун жарандык коом уюмдары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен ортосундагы эффективдүү өз ара аракеттенүүгө көмөктөшүү;
  • И.Арабаев атындагы КМУга  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген кошумча каржылоо булактарын тартуу.

Окумуштуулар кеңешинин ишинин максаты – университеттин учурдагы жана келечектүү багыттарын аныктоо, университеттин жетекчилигинин, илимий-педагогикалык кызматкерлердин, окуу жана көмөкчү персоналдын заманбап талаптарга жооп берген адистерин даярдоодо аракеттерин бириктирүү, Университеттин окуу, окуу-усулдук, илимий-изилдөө жана тарбиялык ишмердүүлүгү боюнча иштерин жүргүзүү болуп саналат.

1. Окумуштуулар кеңешинин курамы жана түзүү тартиби:

2. Окумуштуулар кеңеши төмөндөгүлөрдүн курамында түзүлөт:

1. Ректор (кеңештин төрагасы), проректорлор, окуу бөлүмүнүн жетекчиси, факультеттердин декандары, кафедра башчылары, башка илимий-педагогикалык бөлүмдөрдүн, профсоюздук жана студенттик коомдук уюмдардын жетекчилери — кызмат ордулары боюнча.

2. Тиешелүү түзүмдөрдүн кеңеши тарабынан белгиленген тартипте шайлануучу алдыңкы окумуштуулардын, профессорлордун жана доценттердин ичинен факультеттердин жана башка окуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн өкүлдөрү.

3. Окумуштуулар кеңешинин курамына илимий жана илимий мекемелердин жетекчилери, университетте иштебеген адистерди даярдоо жаатындагы көрүнүктүү илим, искусство жана маданият ишмерлери кириши мүмкүн.

4. Окумуштуулар кеңешинин курамы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча университеттин ректору тарабынан 2 жылдык мөөнөткө бекитилет.

5. Университеттин Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн саны 41 адамды түзөт.

6. Окумуштуулар кеңешинин төрагасынын орун басары жана катчысы Окумуштуулар кеңешинин биринчи жыйналышында ректордун сунушу боюнча ачык добуш берүү жолу менен шайланат.

7. Окумуштуулар кеңешинин курамы И.Арабаев атындагы КМУнун ректорунун буйругу менен жарыяланат.

8. Окумуштуулар кеңешинин мүчөсү каза болгондо, университеттен бошотулганда (чыгарылса), ошондой эле ээлеген кызматынан  тиешеси жок башка кызматка которулганда, аны алмаштырууда Окумуштуулар кеңешинин курамына киргизилип автоматтык түрдө жүргүзүлөт жана университеттин Окумуштуулар кеңешинин курамынан чыгат.

9. Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин чыгып кеткен маалда, белгиленген санын толуктоо үчүн окуу жылынын башында анын курамы кандай тартипте түзүлүп келген болсо, ошол эле тартипте жүргүзүлө берет.

Бөлүмдөр

И. Арабаев атындагы КМУнун Окуу башкармалыгы

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Окуу башкармалыгы — университеттин билим берүү процессин уюштуруучу жана координациялоочу негизги түзүмдөрдүн бири болуп саналат. Анын негизги милдети – университеттеги билим берүү ишмердүүлүгүнүн сапатын камсыз кылуу, окуу процесстерин уюштуруу жана көзөмөлдөө болуп эсептелет.

КМУнун Окуу башкармалыгынын негизги максаты — университеттеги билим берүү процесси боюнча жалпы саясатты ишке ашыруу жана аны системалуу түрдө өнүктүрүү. Бул башкармалык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, окуу процессин эффективдүү уюштурууга жана көзөмөлдөөгө багытталган иш-чараларды аткарат.

 Негизги милдеттери

  1. Окуу процессин уюштуруу жана координациялоо:
    • Университеттеги күндүзгү, сырттан жана кечки окуу формалары боюнча окуу процессин уюштуруу;
    • Окуу процессин календардык график жана окуу планга ылайык ишке ашырууну көзөмөлдөө.
  2. Окуу пландарын жана программаларын иштеп чыгуу:
    • Окуу программаларын, окуу пландарын заманбап талаптарга ылайык кайра карап чыгуу жана жаңылоо;
    • Мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык предметтик программаларды иштеп чыгууга жана бекитүүгө көмөктөшүү.
  3. Кредиттик технологияны ишке ашыруу:
    • Кредиттик окуу технологиясынын талаптарын аткаруу;
    • Студенттердин жетишкендиктерин баалоо, көзөмөлдөө жана анализдөө.
  4. Окуу процессин мониторинг кылуу жана анализдөө:
    • Окуу процессинин жүрүшүнө жана сапатына мониторинг жүргүзүү;
    • Окутуучулардын жана кафедралардын окуу ишмердүүлүгүн баалоо.
  5. Окуу жетишкендиктеринин эсебин жүргүзүү:
    • Студенттердин академиялык жетишкендиктерин каттоо жана көзөмөлдөө;
    • Окуу иштеринин статистикасын жүргүзүү жана отчет даярдоо.

 Башкармалыктын түзүмү

Окуу башкармалыгынын курамына бир нече бөлүмдөр жана кызматтар кирет:

Окуу-инспекциялык бөлүм – бөлүм башчысы ф.и.к., доцент Искендерова Шарапат Абыловна. Окуу-инспекциялык бөлүм – окуу процессинин сапатын жана тартибин көзөмөлдөгөн түзүм. Анын негизги милдеттери:

  • Окуу процессин уюштуруу жана контролдоо.
  • Сабак өтүүнүн сапатын баалоо.
  • Окутуучулардын жана студенттердин жүктөмүн текшерүү.
  • Окуу документтерин иштеп чыгуу жана жүргүзүү.
  • Аккредитация жана лицензиялоо иштерине көмөктөшүү.
  • Студенттердин билимин жана дисциплинасын көзөмөлдөө.
  • Окуу процессинин сапатын жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Бул бөлүм университеттин окуу тармагындагы ишмердүүлүгүн натыйжалуу уюштуруп, билим берүү сапатын жогорулатууну көздөйт

Эл аралык билим берүү программалары институту – директору философия илимдеринин кандидаты, доцент Субанбекова Мээрим Шамшидиновна. Эл аралык билим берүү программалары институту – университеттин эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүчү жана чет өлкөлүк билим берүү программаларын ишке ашыруучу түзүм.

Негизги милдеттери:

  • Эл аралык билим берүү программаларын ишке ашыруу жана координациялоо.
  • Чет өлкөлүк окуу жайлар жана уюмдар менен кызматташуу.
  • Студенттер жана окутуучулар үчүн академиялык мобилдүүлүктү камсыз кылуу.
  • Эл аралык гранттар, алмашуу программалары жана стажировкаларды уюштуруу.
  • Чет тилдерде билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана өркүндөтүү.
  • Университеттин глобалдык рейтингдерде позициясын жогорулатууга көмөктөшүү.

Бул институт эл аралык тажрыйбаны жайылтып, студенттерге жана окутуучуларга дүйнөлүк билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн ачат.

Практика бөлүмү – жетекчиси Баястанов Нурпаис Муратбекович.

Практика бөлүмү – студенттердин кесиптик тажрыйбадан өтүүсүн уюштурган жана көзөмөлдөгөн түзүм.

Негизги милдеттери:

  • Студенттердин окуу, өндүрүштүк жана диплом алдындагы практикаларын уюштуруу.
  • Иш берүүчүлөр жана мекемелер менен кызматташуу.
  • Практика өтө турган жерлерди тандоо жана келишимдерди түзүү.
  • Студенттердин практика өтүүсүн көзөмөлдөө жана отчетторун текшерүү.
  • Практиканын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Бул бөлүм студенттердин теориялык билимдерин практикада колдонушуна шарт түзүп, кесиптик даярдыгын жакшыртат.

Маалыматтык технологиялар борбору – бөлүм башчысы Мокешов Жолдошбек  Калмурзаевич. Маалыматтык технологиялар борбору – университеттин санариптик инфраструктурасын өнүктүрүүчү жана техникалык колдоо көрсөтүүчү түзүм.

Негизги милдеттери:

  • Университеттин маалыматтык системаларын иштеп чыгуу жана башкаруу.
  • Окуу процессин санариптештирүү жана электрондук платформаларды колдоо.
  • Компьютердик жабдууларды, тармактык байланыштарды жана серверлерди тейлөө.
  • Киберкоопсуздукту камсыз кылуу жана маалыматтарды коргоо.
  • Окутуучуларга жана студенттерге IT боюнча техникалык жардам көрсөтүү.
  • Университеттин расмий веб-сайтынын жана онлайн кызматтарынын иштешин камсыз кылуу.

Бул борбор санариптик технологияларды өнүктүрүү аркылуу билим берүү сапатын жогорулатууга багытталган.

 Функциялары

  • Студенттерди кабыл алуу жана кабыл алуу планын иштеп чыгуу;
  • Окутуучулар курамынын жүктөмүн пландоо жана бөлүштүрүү;
  • Жаңы билим берүү программаларын иштеп чыгууда курамдар менен биргелешип иш алып баруу;
  • Аккредитация жана аттестация процесстерине катышуу;
  • Окуу процессине санариптик технологияларды жана автоматташтырылган системаларды киргизүү (мисалы, электрондук журнал, портал аркылуу каттоо).

 Ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары

  • Студенттердин билим алуу шарттарын жакшыртуу;
  • Окуу дисциплиналарын сапаттуу уюштуруу жана аткаруу;
  • Эл аралык стандарттарга жана Кыргыз Республикасынын билим берүү мыйзамдарына ылайык билим берүү процессин уюштуруу;
  • Илимий-изилдөө иштерин окутуу процессине интеграциялоо.

 Башкармалыктын ролу

КМУнун Окуу башкармалыгы университеттеги окуу процессинин жүрүшүнө, билим берүү программаларынын сапатына жана студенттердин жетишкендиктерине түздөн-түз жооптуу. Анын ишмердүүлүгү билим берүү сапатын жогорулатууга, студенттердин атаандаштыкка жөндөмдүү адистер катары даярдалышына жана эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграцияланышына шарт түзөт.

Окуу башкармалыгын акыркы 25 жылдан бери билим берүү жана илим тармагына, жалпы эле мамлекеттик кызматка чоң салым кошкон инсандар жетектеген:

Абдрахманов Төлөбек Абылович – т.и.д., профессор, КР УИА мүчө-корреспонденти;

Султаналиев Эрмек Нурдинович – г.и.к., доцент;

Арынов Темиркул Асанбаевич – ф.-м.и.к., доцент;

Капалбаев Октябр Эркинович – т.и.д., профессордун м.а.;

Зайниев Равшан Акимович – т.и.к., профессордун м.а.;

Билбаева Гульзада Жакыповна – ф.и.к., доцент;

Учурда Окуу башкармалыгын тарых илимдеринин кандидаты Амантур уулу Эдилбек жетектейт.

П2.5_Положение_о_Совете_по_качеству

П2.6_Положение_о_мониторинге

П2.1_Миссия_Выписка из протокола УС_22.11.2024

П2.2_Положение_ДАЛиМКОП

П2.3_Политика_обеспечения_качества

П2.3_Политика_обеспечения_качества

Департамент КМУнун билим берүү программаларын лицензиялоо, аккредитациялоо жана сапатына мониторинг жүргүзүү иштерин уюштуруу жана маалымат-усулдук жактан коштоо милдетин аткарат. Департамент Окуу башкармалыгы, Илим жана инновациялар башкармалыгы жана башка түзүмдүк бөлүмдөр менен биргеликте билим берүү программаларынын сапатын камсыздоо жана баалоонун комплекстүү системасын координациялайт, сапат маданиятын өнүктүрүү, ички сапатты камсыздоо механизмдерин ишке ашыруу, мониторинг жүргүзүүнүн процедуралары жана каражаттарын түзүү жана колдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, билим берүү программаларынын сапатын жогорулатуу боюнча пландарды жана сунуштарды даярдоо иштерин жүргүзөт.

Негизги максаты — И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин билим берүү программаларынын сапатын камсыздоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик жана эл аралык талаптарга жооп берген эффективдүү сапатты камсыздоо ички системаны түзүүгө жана ишке ашырууга көмөктөшүү.

Бул максатка жетүү үчүн департамент төмөнкү багыттарда иш алып барат:

— билим берүү программаларын аккредитациялоо, лицензиялоо жана сапатына мониторинг жүргүзүү процесстерин уюштуруу жана методикалык жактан камсыздоо;
— билим берүү сапатын баалоонун жана камсыздоонун комплекстүү системасын өнүктүрүү жана координациялоо;
— сапат маданиятын калыптандыруу жана өнүктүрүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу;
— ички сапатты камсыздоо механизмдерин киргизүү жана өркүндөтүү;
— мониторинг жана баалоо каражаттарын, усулдарын иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча сунуштарды даярдоо;
— сапатты жогорулатууга багытталган пландарды иштеп чыгуу жана ишке ашырууну көзөмөлдөө.

Иш кагаздар

Лицензиялар жана аккредитация күбөлүктөрү