| |

Колледждер арасында өткөн олимпиада ийгиликтүү жыйынтыкталды

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Бишкек шаарындагы колледждер арасында өткөн олимпиада ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Иш-чара англис тили жумалыгынын алкагында уюштурулуп, КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы , Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова, Ала-Тоо эл аралык өнүктүрүү фондунун директору Мохаммед Али Абделкарим, “Лингва” инновациялык коомдук билим берүү фондунун директору Гүлнара Назарбекова, К.Карасаев атындагы БМУнун кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Конокбаева, Эл аралык Кувейт университетинин кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурзат Абдыжапар кызы, Ж.Баласагын атындагы КУУнун кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ардакбек Каныбек уулу, Бишкек инновациялык колледжинин директору Кылычбек Эркинбеков катышты.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча I орунга Ш.Кадырова атындагы Чет тилдери ОКББ бөлүмүнун 3- курсунун студенти Айжамал Муратбек кызы, II орунга К.Карасаев атындагы БМУнун студенти Рамиля Акматалиева жана Кыргызтан Эл аралык университетинин Бишкек инновациялык колледжинин студенти Фатима Купахунова, III орунга Ш.Кадырова атындагы Чет тилдери ОКББ бөлүмүнун 3- курсунун студенти Аяна Токторбаева жана Кыргызтан Эл аралык университетинин Бишкек инновациялык колледжинин студенти Глеб Руснак ээ болду.

Иш-чаранын негизги максаты: студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана колледждер ортосундагы достук байланыштарды чыңдоо.

Иш-чара КМУнун Ш.Кадырова атындагы дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Чет тилдери орто кесиптик билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *