| | |

КМУнун студентти С. Кенжебек кызы “ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыкты студенти” аталды

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Физика-математика факультетинин 2-курсунун студенти Сүйүмкан Кенжебек кызы  “ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыкты студенти” эл аралык сынагында I орунду жеңип алды. Сүйүмкан Кенжебек кызы КМШ өлкөлөрүндөгү жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн I даражадагы диплом менен сыйланды. Ал аталган сынакка катышып, өзүнүн коомдук ишмердүүлүгү, жаштар арасындагы активдүүлүгү жана коомдук маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жетишкендиктерин көрсөттү.

Бул иш-чара Казакстан Республикасынын “Жаңы Казакстан”республикалык инновациялык борбору жана “BILIM-ORKENIETI” улуттук инновациялык илимий-изилдөө борбору тарабынан уюштурулган. Сыйлык тапшыруу аземи Казакстан Республикасынын Астана шаарында өттү.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *