| | |

КМУнун студенттери жана Япониядан келген ашпозчу Сайто Коичи биргеликте мастер-класс өткөрүштү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Японтаануу институтунун Японияда 1 жылдык стажировка өтүп келген студенттери жана Япониянын Ребун аралынын “Рёбун” мейманканасынын шеф-ашпозчусу Сайто Коичи менен биргеликте Tihiro_sushi ресторанында япон жана француз ашканаларынын тамак-аштары боюнча мастер-класс өткөрүштү.

Мастер-класста япон жана француз ашканаларынын өзгөчөлүктөрү, тамак-аштарды даярдоо ыкмалары көрсөтүлүп, катышуучуларга практикалык тажрыйба берилип, алардын ашкананын кулинардык дүйнөсүнө болгон кызыгуусу артты.

Бул иш-чара студенттердин кулинардык билимдерин кеңейтүүгө жана эл аралык ашканаларынын ар түрдүүлүгүн түшүнүүгө жардам берет.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *