КМУнун студенттери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери менен жолугушту
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун студенттери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашев менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө ардагер Аспек Жумашев Германияга чейин басып өткөн фронттук жолун эскерип, согуштун оор кырдаалын жана көптөгөн жолдошторун жоготкон кайгылуу учурларын айтып берди.
Иш-чаранын максаты: жаш муундардын патриоттук сезимин бекемдөө.
Иш-чара студенттер үчүн тарыхый аң-сезимди өнүктүрүп, Улуу Жеңиштин баалуулугун жана эркиндик үчүн болгон күрөштүн маанисин терең түшүнүүгө шарт түздү.
Иш-чара КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Чет тилдери орто кесиптик билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.









