КМУнун студенттери мобилограф Б. Жанузаковдун мастер-классына катышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Эл аралык журналистика жана медиакоммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Элвира Сатыбекова жана студенттер тажрыйбалуу мобилограф Бакытбек Жанузаковдун мастер-классына катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө социалдык тармактар үчүн туура жана таасирдүү видео тартуунун сырлары, видеону вируска айландыруу ыкмалары менен бөлүштү.
Бул мастер-класс студенттер үчүн заманбап медиа тармагында эффективдүү иштөөгө ыкмаларын үйрөнүүгө шарт түздү.

