| | |

КМУнун студенттери II республикалык студенттик ИПКга катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Кыргыз-Кытай факультетинин “Эл аралык мамилелер” адистигинин студенттери Курманбекова Айпери жана Эсенбекова Самира “Заманбап коомдогу улуттук баалуулуктарды жана маданиятты өнүктүрүүдө жаштардын ролу” II республикалык студенттик илимий-практикалык конференциясына катышты. ИПК КР Билим берүү жана илим министрлиги жана КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте уюштурулуп “Ала-Тоо” Эл аралык университетинде өткөн.

Конференция улуттук маданиятты, баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү, жаштардын интеллектуалдык жана адептик тарбиясын өркүндөтүү, технологиялардын таасирин жана билим берүүдөгү колдонулушун талкуулоо, ошондой эле жаштар коомчулуктарын колдоо жана тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлдү.

Конференцияга төмөнкү категориялардагы материалдар кабыл алынган: илимий баяндама, социалдык видеоролик, постердик презентация.

Иш-чаранын жыйынтыгында постердик презентациясы үчүн Курманбекова Айпери 2-орунга ээ болуп, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды жана Эсенбекова Самира «Көрүүчүлөрдүн купулуна толгону үчүн» диплому менен сыйланды.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *