КМУнун студенттери «Ата-Бейит» тарыхый мемориалдык комплексине барышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин студенттери «Ата-Бейит» тарыхый мемориалдык комплексине барышты.
Иш-чаранын негизги максаты – студенттерге Кыргызстандын тарыхын, баатырларын жана улуттук баалуулуктарды терең түшүндүрүү.
Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер репрессия курмандыктарына арналган мемориал жана тарыхый эстеликтер менен таанышты.
Иш-чара студенттерге терең ой жүгүртүү, жарандык аң-сезимди калыптандыруу жана мекенге болгон сүйүүнү арттыруу максатын көздөйт.


