| | |

КМУнун студенти М.Долотбекова «Орта Азияның үздiк студентi» эл аралык конкурсунда I даражадагы диплом менен сыйланды

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана маданият институтунун студенти Малика Долотбекова Казакстандын Астана шаарында өткөн «Орта Азияның үздiк студентi» эл аралык конкурсунда I даражадагы диплом жана төш белги менен сыйланды.

Иш-чара Казакстан Республикасынын «Billim-Orkenieti» Улуттук инновациялык илимий-изилдөө борбору тарабынан уюштурулуп, ага түрк тилдүү мамлекеттердин студенттери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Малика Долотбекова өзүнүн билими жана чыгармачылык ишмердүүлүгү менен айырмаланып, жогорку жетишкендиктерин көрсөттү.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *