|

КМУнун студенти эл аралык студенттик конференциясына катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Стартап борборунун активдүү катышуучусу жана КМУ Enactus командасынын мүчөсү Аделина Тиленова Сегед университетинде (Венгрия) өткөн Туруктуу өнүгүү боюнча лидерлердин III эл аралык студенттик конференциясына (ISLMS 2025) катышты.

Иш-чара дүйнөнүн булуң-бурчунан келген студент-делегаттарды, илимпоздорду жана туруктуу өнүгүү жаатындагы эксперттерди бириктирди. Конференцияга 27 өлкөнүн жана 57 университеттин өкүлдөрү катышты. Бул жогорку билим берүү системасында туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу жана жаш муундун өзгөрүү лидерлерин колдоо боюнча глобалдык милдеттенмени ачык көрсөтүп турат.

Аделина Тиленова презентация жасап, университеттин жигердүү жарандык позициясын жана туруктуу өнүгүүгө кошкон салымын көрсөттү.

Стартап борбору жигердүү студенттерди колдогондугу үчүн университеттин жетекчилигине ыраазычылыгын билдирип, жаштарды чыныгы эмгектин негизинде шыктандыруунун маанилүүлүгүн баса белгилейт, анткени бул ишенимди калыптандырып гана тим болбостон, башка студенттерди өнүгүүгө умтулууга, демилгеленүүгө жана алардын аракети байкаларын жана колдоого алынарын билип, университеттин жашоосуна активдүү катышууга шыктандырат.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *