КМУнун студенти Айбол Бердалиев эл аралык конкурста баш байгеге ээ болду
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин Музыка кафедрасынын 3-курсунун студенти Айбол Бердалиев Казакстан Республикасында өткөн «Келечектеги жылдыздар» аталышындагы IV Эл аралык конкурска катышып, баш байгеге ээ болду.
Конкурста Айбол Бердалиев өзүнүн музыкалык чеберчилигин жана талантын жогорку деңгээлде көрсөтүп, калыстар тобунун жана уюштуруучулардын жогорку баасына татыды. Иш-чаранын жыйынтыгында Айбол Бердалиев диплом менен сыйланды.
Ошондой эле, студентти даярдаган Музыка кафедрасынын окутуучусу Алтынбек Толтоевге жана концертмейстер Санжар Мелисбековго ыраазычылык каттар тапшырылды.
