| | |

КМУнун Педагогика жана психология институту “Логодебют” аталышында семинар өткөрдү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун Атайын педагогика жана психология кафедрасы Бишкек шаарындагы №2 жалпы билим берүү орто мектебинде «Логодебют» аталышында семинар өткөрдү.

Иш-чара атайын педагогика декадасынын алкагында уюштурулуп, №2 жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалимдери жана окуучулары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Атайын педагогика жана психология кафедрасы ага окутуучусу Джамила Дунганованын жетекчилиги менен студенттер заманбап логопедиянын иш-тажрыйбасы боюнча баяндама жасап, төмөнкү темалар боюнча презентация жана практикалык тапшырмаларды сунуштады:

— Заманбап логопеддин ишиндеги салттуу жана инновациялык ыкмалар;

— Логопедиялык практиканын интерактивдүү көнүгүүлөрү (“Нейрооюндар”);

— Логопедиядагы терапиянын түрлөрү;

— Логопеддик иште маалыматтык-коммуникациялык технологияларды (ИКТ) колдонуу;

— Альтернативдүү жана кошумча коммуникация ыкмалары.

Иш-чаранын максаты: студенттердин практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү жана мектеп окуучуларын атайын педагогиканын мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу болду.

Иш-чара Педагогика жана психология институту тарабынан уюштурулду.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *