| | |

КМУнун окутуучулары “Манас Ааламы – 2025” аталышындагы республикалык көргөзмөгө катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын окутуучулары Бишкек шаарында өткөн “Манас Ааламы – 2025” аталышындагы республикалык көргөзмөгө катышты.

Иш-чара “Манас” Улуттук академиясы жана Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзу тарабынан уюштурулуп, КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын ф.и.к. доц.м.а. Улуубек Закировдун жана профессор Базарбек Сыдыковдун автордук эмгектери коюлду.

Көргөзмө-сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлдү:

— Живопись

— Графика

— Станоктук скульптура

— Жасалга колдонмо өнөрү (ДПИ)

Көргөзмөнүн максаты:“Манас” эпосунун терең философиясын жана улуттук идеяларын көркөм өнөр аркылуу чагылдыруу, сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгын колдоо жана маданий баалуулуктарды даңазалоо.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *