|

КМУнун окутуучулары эл аралык стартап форумуна катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучулары М. Гаджиева, А. Кубанычбек кызы жана Б. Тургунбаева “Борбор Азиянын Стартап Кубогу-2025” (Central Asia Startup Cup-2025) аталышындагы эл аралык стартап форумуна катышты.

Форум Бишкек шаарында өткөрүлүп, төмөндөгү 5 багыт боюнча иш алып барды:

-Венчур инвестициялары жана Борбор Азиянын стартап-экосистемасы;

— Стартап-индустриянын глобалдык тренддери;

-ФинТех, HealthTech, FemTech, DeepTech – заманбап иштеп чыгуулар жана келечек мүмкүнчүлүктөрү;

-Стартаптар үчүн питчинг сессиялары жана $10,000га чейинки инвестиция алуу мүмкүнчүлүгү;

— Бизнес-ангелдердин сессиялары жана эксклюзивдүү нетворкинг.

Иш-чаранын максаты: стартап идеяларын сунуштоого жана инвестиция тартууга жардам берүү, стартап долбоорун өнүктүрүү боюнча билим менен тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк түзүү.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *