КМУнун окутуучулары II Эл аралык симпозиумга катышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин окутуучулары Нур-Султан шаарындагы Евразиялык Эл аралык Университетинде өткөн «Салттуу маданият жана искусство: билим берүү, изилдөө, кадрдык жана санариптик трансформация» аталышындагы II Эл аралык симпозиумга катышты.
Симпозиумда чыгармачылык эмгектери менен активдүү катышкандыгы үчүн Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын ф.и.к., доценттин м.а. Улуубек Закиров, ага окутуучулар Лайли Амираева, Рысбек Мамбетакунов, окутуучу Мунара Чолпонкулова, ошондой эле, Костюмдун технологиясы жана көркөм чеберчилиги, текстиль кафедрасынын окутуучулары Назгүл Касыгулова, ага окутуучу Бакчиева Анара, п.и.к., доцент Жылдыз Сулайманова Евразиялык Эл аралык Университетинин дипломун жана дизайн багытындагы чыгармачылык жетишкендиктери үчүн Казакстан Республикасынын Евразиялык Дизайнерлер Союзунун «Жогорку даражадагы Диплому» менен сыйланышты. Костюмдун технологиясы жана көркөм чеберчилиги, текстиль кафедрасынын окутуучусу Айгүл Жолдошевага Казакстан улуттук дизайн академиясынын академигинин күбөлүгү тапшырылды.


