| | |

КМУнун окутуучулары Бишкек шаарынын 147 жылдыгына арналган көргөзмөгө катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери Бишкек шаарынын 147 жылдыгына жана белгилүү скульптор О.М. Мануилованын туулган күнүнө карата өткөрүлгөн сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсүнө катышты.

Сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү белгилүү скульптор О.М. Мануилованын мемориалдык үй-музейинде уюштурулуп, Искусство жана дизайн факультетинин Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын профессору Б.Сыдыков “Бишкек Баатыр” аталышындагы скульптурасы, философия илимдеринин кандидаты У.Закиров «Эрте менен» аталышындагы живопись чыгармасы менен, ага окутуучу Л.Амираева “Менин шаарым”, «Жаз ыргактары» жана «Түшүм» аталышындагы декоративдик прикладдык искусство эмгектери коюлду.

Бул маданий иш-чара студенттер үчүн да чоң тажрыйба мектеби болуп, Бишкек шаарынын бай маданий мурасын тереңирээк таанууга өбөлгө түздү.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *