КМУнун Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму өтүүдө
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин кезектеги № 8 жыйыны өтүүдө.
Окумуштуулар кеңешинин отурумунун Күн тартибинде И.Арабаев атындагы КМУда 2023-2024-окуу жылындагы токтомдордун аткарылышы боюнча КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев маалымат берди.
И.Арабаев атындагы КМУнун 2022-2025-жылдарындагы Педагогика жана психология институтунун педагогика кафедрасынын ишмердүүлүгү жана келечеги тууралуу педагогика кафедрасынын башчысы Миргүл Эсенгулова маалымдады.






