| |

КМУнун «Костюм, текстилдин технологиясы жана искусствосу» кафедрасы Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган жарманке-көргөзмөгө активдүү катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин «Костюм, текстилдин технологиясы жана искусствосу» кафедрасы Кожомкул атындагы Спорт сарайында өткөн Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган жарманке-көргөзмөгө активдүү катышты.

Иш-чаранын алкагында студенттик долбоорлор, буюмдар жана кафедранын билим берүү программалары тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле көргөзмөгө катышуу «Костюм, текстилдин технологиясы жана искусствосу» кафедрасына кесипке багыт алууга, ошондой эле студенттер үчүн практика базасын кеңейтүүгө жана дуалдык окутууну (жумуш ордунда окутуу) биргелешип өткөрүү боюнча потенциалдуу иш берүүчүлөр менен макулдашууга мүмкүндүк берди.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *