КМУнун ЭЖжМКБ студенттери жана Медиаборборунун кызматкерлери Кыргызстандагы «Евразия» Медиамектебинин ишине катышууда
3-апрель күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун Эл аралык журналистика жана медиа коммуникациялар бөлүмүнүн студенттери Кыргызстандагы «Евразия» медиа мектебинин ишине катышууда. Иш-чара Инновациялык борбордо өтүп жатат.
Медиамектебинин ишинде НТВнын жыйынтыктоочу программасынын алып баруучусу, ЖЭМдин окутуучусу Владимир Чернышев — «ТВдагы маалыматтык журналистика: заманбап маалымат агымында кантип атаандашуу керек»; журналист, «Наука» телеканалынын алып баруучусу Антон Войцеховский — «Кадрда кантип туура иштөө керек, текстти оңой жазуу, мыкты видеону кантип тартуу керек»; RT (Russia Today) Россия, КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн уктуруу дирекциясынын атайын кабарчысы Константин Придыбайло — «Кадрда кантип туура алып баруу керек. Стримдер жана түз эфирлер»; медиаэксперт, 9 күмүш жана 1 алтын YouTube баскычынын ээси Алексей Дюков — «Вертикалдуу видеолордун алгоритмдери: тенденциялар, механикалар, перспективалар» темаларын ортого салды.
Иш-чаранын журушундө катышуучулар кызыктырган көптөгөн маалыматтарды алды.






