КМУнун 80 жылдыгына жана 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата студенттик жатаканада кыздар арасында интеллектуалдык оюн өткөрүлдү
6-март күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин негизделгендигинин 80 жылдыгына жана 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата окуу жайдын студенттик жатаканасында кыздар арасында интеллектуалдык оюн өткөрүлдү. Аталган оюн кыргыз кыздарына тиешелүү нарк-насилди сактоо, коомдо, илим, билим берүү тармагындагы аялзатынын ордун ачып көрсөтүү жана студенттердин интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү максатын көздөйт. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга атактуу аялдар, КМУну жетектеген ректор айымдар жана кыздарга тиешелүү салт-санаалар ж.б. тапшырмалар берилди. Маданий иш-чарада жигиттердин куттуктоолору жана ыр дестелери менен улантылды.
Аталган иш-чара жатакананын жаштар иштери боюнча координатору Ташмама Абдыкалыкова тарабынан өткөрүлдү.




