| | |

КМУда “Жашыл университет жана көндүмдөрдү калыптандыруу” аталышында семинар өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунда “Green KG” долбоорунун алкагында “Жашыл университет жана көндүмдөрдү калыптандыруу” аталышында семинар өттү.

Иш-чарагаТабигый илимдер жана туризм институтун директору Гүлназ Жалилова, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты. Семинардын жүрүшүндө КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтун директору Гүлназ Жалилова теманын алкагында баяндама жасап, жаштардын экологиялык аң-сезимин өнүктүрүү жана жашыл көндүмдөрдү калыптандыруунун маанисин баса белгиледи.

Иш-чара КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун алдындагы “Жашыл технологиялар жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу” борбору тарабынан уюштурулду.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *