| | |

КМУда “Улуу Жеңиштин тарыхтагы орду” аталышында конок-лекция өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунда Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата Улуттук гвардиянын мурдагы командири, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев “Улуу Жеңиштин тарыхтагы орду” аталышында конок-лекция өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Улуу Жеңиштин мааниси, кыргыз элинин согуштагы эрдиги жана мекенге болгон сүйүүсү тууралуу маалыматтар берилди.

Иш-чаранын максаты: согуш ардагерлеринин катары жылдан-жылга кыскарып жаткандыгын эске алып, аларды урматтап, алардын эрдигин, баатырдыгын, жеңиштин маанилүүлүгүн студенттерге жеткирүү жана аларды мекенчилдикке тарбиялоо.

Иш-чара КМУнун Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту тарабынан уюштурулду.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *