КМУда студенттердин сүрөт көргөзмөсү уюштурулду
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата студенттердин эмгектеринин сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, профессордук-окутучулар курамы жана студенттер катышты.
Көргөзмөгө студенттердин Улуу Ата Мекендик согуштун каардуу мезгилин жана ошол кездеги элдин эрдигин, патриоттук сезимин чагылдырган сүрөттөрү коюлду.
Иш-чара студенттердин тарыхый окуяларга болгон түшүнүгүн тереңдетүүгө, ата-бабалардын эрдигин баалоого жана сактоого багытталган.









