| |

КМУда «Стартап марафон-3» сынагы өттү

Бүгүн, 10-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Стартап марафон-3» сынагы өттү.

Сынак Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 18-майында №925 буйругу менен бекитилген Билим берүү уюмунун бизнес-инкубатору жөнүндө типтүү Жобонун максаттарын ишке ашыруу боюнча уюштурулду.

Иш-чарага КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Стартап марафон-3 сынагына университеттин түзүмдөрүнөн 18 долбоор катышып, долбоорлор боюнча презентациялар даярдалып, катышуучулар тарабынан жакталды. Ар бир катышуучу «Стартап марафон” сынагынын Жобосунда көрсөтүлгөн критерийлер боюнча бааланып, өз долбоорлорун эксперттерге тааныштырды.

Сынактын жыйынтыгы чыгарылып, I орунду Гуманитардык-педогогикалык колледжинин “Affordable mantle” долбоору, II орунду Искусство жана дизайн факультетинин “Оюулар”долбоору, III Табийгый илимдер жана туризм институтунун “ЭКО-МУУН” долбоору, IV “Энактас КМУ” командасынын “Өнөр Юнион” долбоору жана V орунду Ш. Кадыров атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун “100-бет 100 дүйнө” долбоору ээледи.

Иш-чара стартаптарды колдоого, инновацияларды жайылтууга жана жаш ишкерлердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Иш-чара КМУнун Стартап борбору тарабынан уюштурулду.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *