| | |

КМУда “Освенцимдин мисалында согуш туткундарынын абалы” аталышында конок-лекция өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунда Улуу Жеӊиштин 80 жылдыгына карата Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окутуучусу, тарых илимдеринин кандидаты Үпөл Атамбаева “Освенцимдин мисалында согуш туткундарынын абалы” аталышында конок-лекция өттү.

Иш-чарага КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Конок-лекциянын жүрүшүндө Освенцим концлагеринин тарыхый мааниси, адамзатка каршы кылмыштар, окуялардын кайра кайталанбашы үчүн тарыхтан сабак алуунун маанилүүлүгү тууралуу маалыматтар берилди.

Иш-чара КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Чет тилдери орто кесиптик билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *