КМУда орус тилинин декадасы башталды
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Орус филологиясы факультетинде орус тилинин «Орус тилинде баарлашабыз» аталышында декадасы башталды.
Декаданын максаты: орус тилин билүү, орус адабияты жана маданияты менен таанышуу деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле, ОФФнын студенттеринин кесиптик компетенцияларын калыптандыруу.
Милдеттери: тил жана адабиятты окутуунун алдыңкы технологиялары менен таанышуу;
ОФФнын студенттеринин орусча сүйлөө деңгээлин жана тил байлыгын жогорулатуу;
Оюндар аркылуу студенттердин чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү.
Декаданын ачылышынын биринчи күнүндө ОФФнын студенттери «Орус тили – ойнойбуз жана үйрөнөбүз!» аталышында иш-чара өткөрүштү.
