| |

КМУда Нооруз майрамына карата «Улустун улуу күнү» аталышында иш-чара өтүүдө

Бүгүн, 20-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Нооруз майрамына карата «Улустун улуу күнү» аталышында иш-чара өтүүдө.

Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, профессордук окутуучулар курамы жана студенттер катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө сүмөлөк ачуу аземи жана улуттук оюндар — аркан тартыш, кыргыз күрөш, ордо, кол күрөш боюнча мелдештер өткөрүлүүдө.

Майрамдык иш-чаранын негизги максаты – улуттук маданиятты өнүктүрүү, салт-санааларды жаңыртуу жана студенттер арасында патриоттук сезимдерди чыңдоо.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *