КМУда “Мен кыргыздын кызымын” аталышында иш-чара өттү
Бүгүн, 6-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Физика-математика факультетинде КМУнун 80 жылдыгына карата “Мен кыргыздын кызымын” аталышында иш-чара өттү.
Иш-чаранын максаты: кыргыз улуттук кийимдерин жана кыргыз кыздарынын өзгөчөлүктөрүн, алардын кийими, турмуштагы өзүн алып жүрүүсүн чагылдыруу.
Бул иш-чара студенттердин чыгармачылыгын колдоого жана улуттук маданиятты сактоого багытталган.
Иш-чара Физика-математика факультети жана Студенттик парламенти тарабынан уюштурулду.






