КМУда медициналык практикаларды интеграциялоо боюнча тегерек стол өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Замандын талаптарына ылайык дарылоо жана реабилитациялоо ыкмалары: Кытай жана Кыргызстандын медициналык практикаларын интеграциялоо жолдору» аталышында тегерек стол өттү.
Иш-чарага КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Медицина факультетинин деканы Өмүрбек Карымшаков, Кытайдын Хэнань кытай медицинасы университетинин профессору, медицина илимдеринин кандидаты Ма Хунго, Борбордук улуттар университетинин профессору, PhD Ван Жуйпин, Кыргызстан эл аралык университетинин докторанты Зифара Абдырасулова жана студенттер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Хэнань кытай медицина университетинин профессору, медицина илимдеринин кандидаты Ма Хунго «Кытай медицинасында ийне терапиясынын жайылышы жана заманбап өнүгүүсү», Борбордук улуттар университетинин профессору, PhD Ван Жуйпин «Медицинадагы тарыхый мурас: салттарды жана ачылыштарды улантуу», Кыргызстан эл аралык университетинин докторанты Зифара Абдырасулова «Ийне терапиясын пластикалык операциялардан кийин кошумча реабилитация ыкмасы катары колдонуу: иштөө механизмдери жана клиникалык натыйжалуулук» аталышында доклад окуду.
Иш-чара медицина тармагындагы заманбап методдорду жана эки өлкөнүн практикалык тажрыйбасын айкалыштырууга багытталган.








