КМУда «Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы билим берүү жаатындагы туруктуу өнүгүүнүн заманбап тенденциялары» аталышында илимий-практикалык форум өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы билим берүү жаатындагы туруктуу өнүгүүнүн заманбап тенденциялары» аталышында илимий-практикалык форум өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жанар Акаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Русланбек Жакышов, КР Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилова, И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Кытайдын кесиптик билим берүү коомунун башкы директору, парткомдун секретары Ван Сяогуан, Кытайдын кесиптик билим берүү коомунун байланыштар бөлүмүнүн башчысы Ли Мин, Шаньси суу чарбасы кесиптик-техникалык институтунун ректору, парткомдун секретарынын орун басары Бай Цзичжун, Дуньин кесиптик колледжинин парткомунун секретары Ду Чжэньбо, Ланьчжоу университетинин PhD докторанты Сун Цзюн, Ланьчжоу университетинин докторанты Янь Кунь, Ганьсу провинциясынын ЮНЕСКО ассоциациясынын башчысы Ду Юнцзюнь, Чжэцзян университетинин доценти, докторант Ни Хао, Шицзячжуань почта-телекоммуникация кесиптик-техникалык колледжинин парткомунун секретары Се Бунь катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева эки мамлекеттин ортосунда билим берүү жаатында түзүлгөн келишимдер тууралуу сөз сүйлөдү.
Форумдун маданий бөлүгүндө КМУнун студенттери кытай тилиндеги чыгармаларды көркөм окуп, кытай бийин жана маданий спорттук өнөрүн көрсөтүштү.
Иш-чара Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту тарабынан уюштурулду.
















