| | |

КМУда “Эч ким, эч качан унутулбайт ”аталышында иш-чара өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун 80 жылдыгына жана Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата “Эч ким, эч качан унутулбайт ”аталышында иш-чара өттү.

Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиев, профессордук-окутучулар курамы жана студенттер катышты.

Иш чаранын максаты: студенттерге Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу толук маалымат берүү, Ата Мекенди сүйүүгө, ардактоого, коргоого жана патриоттуулукка, эр жүрөктүүлүккө, боорукерликке жана күжүрмөн эмгекчилдикке тарбиялоо.

Иш чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан концерттик программа тартууланды.

Иш-чара КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институту жана КР ИИМдин милициясынын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы Республикалык окуу борбору менен биргеликте уюштурулду.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *