КМУда илимий-практикалык форум башталды
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы билим берүү жаатындагы туруктуу өнүгүүнүн заманбап тенденциялары» аталышында илимий-практикалык форум башталды.
Форумга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Жанар Акаев жана Русланбек Жакышов, КР Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилова, Билим берүү программаларын аккредитациялоо, лицензиялоо жана сапатына мониторинг жүргүзүү департаментинин начальниги Гүлзада Дүйшөбаева, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Кытайдын кесиптик билим берүү коомунун башкы директору, парткомдун секретары Ван Сяогуан, Кытайдын кесиптик билим берүү коомунун байланыштар бөлүмүнүн башчысы Ли Мин, Шаньси суу чарбасы кесиптик-техникалык институтунун ректору, парткомдун секретарынын орун басары Бай Цзичжун, Дуньин кесиптик колледжинин парткомунун секретары Ду Чжэньбо, Ланьчжоу университетинин PhD докторанты Сун Цзюн, Ланьчжоу университетинин докторанты Янь Кунь, Ганьсу провинциясынын ЮНЕСКО ассоциациясынын башчысы Ду Юнцзюнь, Чжэцзян университетинин доценти, докторант Ни Хао, Шицзячжуань почта-телекоммуникация кесиптик-техникалык колледжинин парткомунун секретары Се Бунь катышууда.
Форумдун жүрүшүндө эки тараптуу меморандумга кол коюлду.
Иш-чара Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту тарабынан уюштурулду.









