КМУда «Билим-Стандарт» көз карандысыз аккредитациялоо агенттигинин тышкы эксперттик комиссиясы өз ишин жүргүзөт
КМУда «Билим-Стандарт» көз карандысыз аккредитациялоо агенттигинин тышкы эксперттик комиссиясы өз ишин жүргүзөт 21, 22-май күндөрү И.Арабаев атындагы КМУнун Жогорку кесиптик билим берүү программаларын аккредитациялоо максатында «Билим-стандарт» көз карандысыз аккредитациялоо агенттигинин тышкы эксперттик комиссиясы өз ишин жүргүзөт.
Эксперттик комиссиянын курамында республикабыздын ЖОЖдорунун адистери жана ошондой эле чет элдик эксперт, Евразия элдеринин ассамблеясынын генералдык секретарынын орун басары, э.и.д., г.-м.и.д., профессор М.В.Федоров бар.
Текшерүүнүн алкагында Кыргызстан менен жакынкы чет өлкөлөрдөн келген 14 эксперт КМУнун билим берүү программаларынын улуттук жана эл аралык стандарттарга шайкештигин баалайт. Аккредитацияда 13 багыт боюнча сереп жүргүзүлөт.







