КМУда «Билим-стандарт» көз карандысыз аккредитациялоо агенттигинин тышкы эксперттери өз ишмердүүлүгүн улантты
22-май күнү, И.Арабаев атындагы КМУда «Билим-стандарт» көз карандысыз аккредитациялоо агенттигинин тышкы эксперттери өз ишмердүүлүгүн улантты.
Аккредитация — ЖОЖдун өзүн-өзү баалоосуна жана эксперттик топтун ЖОЖго баруусунун жыйынтыгына негизделген билим берүү программасынын сапатына баа берүү болуп эсептелет.
«Билим-стандарт» көз карандысыз аккредитациялоо агенттигинин башкы миссиясы — “Сапатты кепилдөө системаларын түзүү жана өнүктүрүү аркылуу бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда билим берүү системасына салым кошуу”.
Бүгүн, “Билим-стандарт” агенттигинин тышкы эксперттери аккредитациялоо талаптарынын стандарттарына ылайык келген документтер жана документ менен камсыз кылуу менен иштөө боюнча иш алып барышууда.






