|

КМУда “Аламник-2025” аталышында иш-чара өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Энактас КМУ” командасынын курамында болгон бүтүрүүчүлөргө арналган «Аламник-2025» аталышында иш-чара өттү.

«Аламник-2025» бул биринчи бүтүрүүчүлөр жана ошол эле учурда учурдагы команданын негиздөөчүлөрү. Алардын энтузиазмынын, лидерлигинин жана студенттик ишкердикти өнүктүрүүгө кошкон салымдарынын аркасында келечек муундар үчүн бекем негиз түзүлдү:

1. Уланбек кызы Азиза — 2022-2023-жылдардагы команданын капитаны, Табигый илимдер жана туризм институтунун студенти

2. Арлиз Лейла — 2023-2024-жылдардагы команданын капитаны, Табигый илимдер жана туризм институтунун студенти

3. Ясырова Марина — 2022-жылдан 2024-жылга чейин HR жетекчиси, Табигый илимдер жана туризм институтунун студенти

Иш-чарада “Энактас КМУ” командасынын тарыхы, анын негиздөөчүлөрү менен таанышуу жана алардын ийгиликтерине шыктанууга шарт түзүлдү.

Иш-чарада КМУнун илим жана инновация боюнча проректору А.К. Чалданбаева сөз сүйлөп, бүтүрүүчүлөргө «Enactus КМУ» командасынын курамында ишкердикти жана жарандык активдүүлүктү өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Ардак грамота тапшырды.

Быйылкы жылдан баштап «Аламник» ар бир окуу жылдын аягында өтүүчү КМУнун Энактас командасынын салтына айланат жана команданы өнүктүрүүгө салым кошкондорду жана олуттуу долбоорлорду ишке ашыргандардын эмгегин баалайт деди, — Стартап борборунун жетекчиси жана команданын академиялык эдвайзери Н.У.Абдылдаева.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *