КМУда 23-апрель – Эл аралык китеп күнүнѳ карата иш-чара өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 23-апрель – Эл аралык китеп күнүнѳ жана КМУнун 80 жылдыгына карата «Университеттин сыймыктуу окумушттуулары» аталышында иш-чара өттү.

Иш-чарага КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Иш-чаранын алкагында «Университеттин сыймыктуу окумушттуулары» китеп көргөзмөсү уюштурулуп, Эркин Токсонбаева, Татьяна Панкова, Алымбек Кутанов, Жаӊыл Жумалиева, Өрнѳк Сманбаев, Айчүрѳк Калдыбаева, Конуржан Тѳрѳгелдиева, Шаршенаалы Алиев, Маматкан Чоров, Рахима Сыдыкова, Чынара Давлетова, Райхан Абдуллаева, Нуржан Сартбекова, Толгонай Сыдыкова ж.б. окутуучулардын эмгектери коюлду.

Иш-чаранын максаты: КМУда көп жылдан бери эмгектенип, миңдеген педагогдорду даярдоого чоң салымын кошкон сыймыктуу окумуштуулардын илимий эмгектерин таанытуу. Университетте 3 миңден ашуун педагогдор, окумуштуулар эмгектенсе, алардын ичинен 50гө жакын окумуштуу университетте 40-50 жыл эмгектенип, 200дөн ашык илимий эмгек жаратып, бүгүнкү күндө белгилүү окумуштуулардын катарында турушат. Биздин сыймыктуу окуумуштууларыбыз жараткан окуу куралдар менен бүгүнкү күндө мектеп окуучулары, жогорку окуу жайлардын студенттери билим алышууда.

Иш-чарада КМУда түзүлгѳн «Жаш каламгер» клубунун мүчѳлѳрү тарабынан даярдалган маданий программа тартууланды.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *