| |

И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери Бүткүл дүйнөлүк аутизм көйгөйү тууралуу маалымат таратуу күнүнө арналган иш-чарага катышууда

Бүгүн, 2-апрель күнү, Логопедия, Сурдопедагогика жана Олигофренопедагогика профилиндеги Педагогика жана психология институтунун 2-3-курстарынын студенттери аутизм көйгөйү тууралуу маалымат таратуу күнүнө арналган ыктыярчылар катары «Өзгөчө жүрөктөр дүйнөсү» иш-чарасына катышты.

Иш-чара Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү. Студенттер балдар менен баарлашып, оюндарды жана мастер-класстарды өткөрүштү.

Иш-чарага Педагогика жана психология институтунун директору Гүлзат Казиева, Атайын педагогика кафедрасынын башчысы Замира Жапарова, окутуучу Лариса Проценко катышты.

Похожие записи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *