И.Арабаев атындагы КМУнун эмгек сиңирген ишмери, профессор Б.Малдыбаевдин 90 жылдыгы салтанаттуу белгиленди
23-май күнү, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, профессор, “Даңк” орденинин ээси, кыргыз улуттук музыкасында хор жанрынын түптөлүшүнө чоң салымын кошкон Болотбек Абдыласович Малдыбаевдин 90 жылдыгына карата юбилейлик маараке өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Кыргыз Республиксынын Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директорунун орун басары Нурбек Абдраимов, Болотбек Малдыбаевдин уулу Бакытбек Малдыбаевдер катышты.
Иш-чаранын расмий бөлүгүндө катышуучулар юбилярга бекем ден соолук каалап кетишти.
Андан соң көрүүчүлөргө концерттик программа сунушталды.





