КМУга Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун студенттери келди
Бүгүн, 18-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтуна Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун студенттери Адина Мадкасимова, Бегойим Супибекова, Розагул Холдарова жана Азаматжон Маликов келди. МТМИнин директору, профессор Самат Жумалиев студенттерди кабыл алып, университеттин тарыхы, институттун иштөө багыттары, өзгөчөлүктөрү жана билим берүү жаатындагы орду тууралуу маалымат берип, окууларына ийгиликтерди каалады….