КМУда «Билим берүүдөгү инновациялык мамиле: башталгыч мектепте санариптик технологиялардын жана салттык методдордун интеграциясы» эл аралык ИПК өтүүдө
4-апрель күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Билим берүүдөгү инновациялык мамиле: башталгыч мектепте санариптик технологиялардын жана салттык методдордун интеграциясы» аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин баштады. Иш-чаранын расмий ачылышында И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева башталгыч билим берүү системасында заманбап педагогикалык ыкмаларды, санариптик технологияларды, инклюзивдүү билим берүүнү, илимий изилдөөлөрдү жана инновацияларды жайылтуу…