КМУнун “ЭКО муун” ийрими “Жашыл толкун” долбооруна катышты
| | |

КМУнун “ЭКО муун” ийрими “Жашыл толкун” долбооруна катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун “ЭКО муун” ийрими жогорку окуу жайлар жана кесиптик лицейлер арасында өткөрүлгөн “Жашыл толкун” аталышындагы сынакка ийгиликтүү катышты. Долбоордун максаты: жогорку курстарда окуп жаткан студенттердин жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле, жогорку окуу жайлар жана кесиптик лицейлер менен…

КМУда “Тамсилдер таймашы” китебинин бет ачары өттү
| | |

КМУда “Тамсилдер таймашы” китебинин бет ачары өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунда акын, тамсилчи, актриса, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, маданияттын мыкты кызматкери Наззара Раззакованын “Мен киммин?” (2023), “Тамсилдер таймашы” (2024) китептеринин бет ачары өттү. Иш-чарага Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директорунун орун басары Аида Эгембердиева, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, педагог Темирлан Сманбеков, акын…

КМУнун окутуучулары Кытайда өткөн эл аралык семинарга катышты
| | |

КМУнун окутуучулары Кытайда өткөн эл аралык семинарга катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун доценттери Гүлмира Касымалиева жана Эльмира Сейталиева Кытай Эл Республикасында өткөн “Дерево ШОС” аталышындагы эл аралык семинарга катышты. Семинарга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышып, санариптик билим берүү, жаңы технологиялар аркылуу окутуунун ыкмаларын өнүктүрүү жана кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулашты. Семинардын соңунда эки тараптуу кызматташтыктын негизги…

КМУда кыргыз жана орус предметтик декадасы ийгиликтүү жыйынтыкталды
| | |

КМУда кыргыз жана орус предметтик декадасы ийгиликтүү жыйынтыкталды

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунда кыргыз жана орус предметтик декадасы ийгиликтүү жыйынтыкталды. Иш-чарага Педагогика жана психология институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө декаданын алкагында өткөрүлгөн ачык сабактар, дилбаян жазуу жана көркөм окуу сынактары тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле, кыргыз жана орус элдеринин улуттук каада-салттарын чагылдырган маданий программа тартууланып, улуттук…

КМУда корей тили боюнча жогорку окуу жайлар арасында чечендик өнөр сынагы өттү
| | |

КМУда корей тили боюнча жогорку окуу жайлар арасында чечендик өнөр сынагы өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунда корей тили боюнча жогорку окуу жайлар арасында чечендик өнөр сынагы өттү. Иш-чарага Түштүк Корея өлкөсүнүн ыйгарымду элчиси Ким Кван Чже, Бишкектеги корей тили борборунун директору Чо Чан У, Корей тили мугалимдеринин ассоциасынын башчысы Квак Хи Бом, Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер…

КМУда «Металлдардын касиеттери» аталышында ачык сабак өттү
| | |

КМУда «Металлдардын касиеттери» аталышында ачык сабак өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун Химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын окутуучусу Нуриза Камчыбекова “Металлдардын касиеттери” аталышында ачык сабак өттү. Иш-чара химия жумалыгынын алкагында уюштурулуп, КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун профессордук-окутуучулар курамы, студенттер жана Бишкек шарындагы №74 мектеп-лицейинин 11-классынын окуучулары катышты. Лабораториялык сабакта металлдардын жалпы мүнөздөмөсү, жаратылышта таралышы, колдонулушу,…

КМУда “Адам укуктары жана эркиндиктери” аталышында дубал газеталар жарышы өттү
| | |

КМУда “Адам укуктары жана эркиндиктери” аталышында дубал газеталар жарышы өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунда 5-май — Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата “Адам укуктары жана эркиндиктери” аталышында дубал газеталар жарышы өттү. Иш-чаранын негизги максаты: студенттерге адам укуктарынын жана эркиндиктеринин маанисин жеткирүү, Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген жарандардын укуктары жана милдеттери жөнүндө билимдерин тереңдетүү, укуктук маданиятты калыптандыруу жана жаштардын…

КМУда “Эл аралык бейтараптык күнү” белгиленди
| |

КМУда “Эл аралык бейтараптык күнү” белгиленди

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 2025-жыл Түркмөнстанда «Эл аралык тынчтык жана ишеним жылы» деп жарыялангандыгына, Түркмөнстандын туруктуу бейтараптык макамынын 30 жылдыгына жана “Эл аралык бейтараптык күнүнө” арналган иш-чара өттү. Иш-чарага Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова, КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, университеттин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты Иш-чаранын жүрүшүндө…

КМУда “Келерки муунга билим берүү” долбоорунун жыйынтыктоо жана жаңы этапты ачуу аземи өттү
| |

КМУда “Келерки муунга билим берүү” долбоорунун жыйынтыктоо жана жаңы этапты ачуу аземи өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Келерки муунга билим берүү” (NextGenEd) долбоорунун жыйынтыктоо жана жаңы этапты ачуу аземи өттү. Иш-чарага КМУнун Эл аралык коммуникация жана инвестиция боюнча проректору Гүльназ Жалилова, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова, АКШ элчилигинин маданий иштери боюнча кызматкери Жеффри Бантинг, Санариптик билим берүү боюнча министрдин орун басары Лира Самыкбава, Улуттук мугалимдерди…

КМУнун профессордук-окутуучулар курамы «Өлбөс полк» акциясына катышты
| |

КМУнун профессордук-окутуучулар курамы «Өлбөс полк» акциясына катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Экономика жана менеджмент институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн, Дин таануу факультетинин жана Гуманитардык-педагогикалык колледжинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери «Өлбөс полк» акциясына катышты. Иш-чара Бишкек шаарындагы Жеңиш сейил багында өтүп, катышуучулар Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин, тылдын эмгекчилеринин сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты. Акциянын негизги максаты: тынчтык үчүн курман болгон ата-бабалардын эрдигин…