КМУда «Жаштардын адам укуктарын илгерилетүүдөгү ролу» аталышында конференция өттү
| | |

КМУда «Жаштардын адам укуктарын илгерилетүүдөгү ролу» аталышында конференция өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Жаштардын адам укуктарын илгерилетүүдөгү ролу» аталышында жогорку окуу жайлар арасында студенттик илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Марлен Маматалиев, Чынгыз Айдарбеков, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева, өлкөнүн жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМ академиясынын Кылмыш-жаза укугу…

КМУда эл аралык химиктер күнүнө карата «Химия – кыялдардын катализатору» аталышында иш-чара өттү
| | |

КМУда эл аралык химиктер күнүнө карата «Химия – кыялдардын катализатору» аталышында иш-чара өттү

И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунда эл аралык химиктер күнүнө карата «Химия – кыялдардын катализатору» аталышында иш-чара өттү. Иш-чарага Табигый илимдер жана туризм институтунун директору доц. Г.Т. Жалилова, химия кафедрасынын башчысы Г.К. Насирдиновалар катышты. Кеченин жүрүшүндө мектеп окуучулары, студенттер химия дүйнөсүнө болгон саякатка туш болуу менен жөнөкөй көрүнгөн, түпсүз сырларды камтыган – химия…

КМУга Япониядан өз ара кызматташтык боюнча делегация келди
| |

КМУга Япониядан өз ара кызматташтык боюнча делегация келди

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Япониядан делегация иш сапары менен келди. Делегациянын курамында Япониянын Яйзу шаарындагы Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу Ётсухаши Мичинори, «B ZONE» компаниясынын «Глоубал» кооперативдик уюмунун (адам ресурстары) мүчөсү Миямото Рей, «Моэги но Сато» социалдык кызмат көрсөтүү фондунун өкүлү Такахаши Шинжи, «Моэги но Сато» социалдык кызмат көрсөтүү фондунун өкүлү Ишимото Шиня, MKM компаниясынын…

КМУда «Жаштардын адам укуктарын илгерилетүүдөгү ролу» аталышында конференция өтүүдө
| | |

КМУда «Жаштардын адам укуктарын илгерилетүүдөгү ролу» аталышында конференция өтүүдө

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Жаштардын адам укуктарын илгерилетүүдөгү ролу» аталышында жогорку окуу жайлар арасында студенттик илимий-практикалык конференция өтүүдө. Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Чынгыз Айдарбеков, Марлен Маматалиев, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева, өлкөнүн жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышууда. Конференциянын максаты: жаштардын адам укуктарын коргоо жана илгерилетүү…

КМУнун Искусство жана дизайн факультетинде студенттеринин экзамендик иштеринин жыйынтыгы чыгарылды
| | |

КМУнун Искусство жана дизайн факультетинде студенттеринин экзамендик иштеринин жыйынтыгы чыгарылды

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин Костюм жана текстиль технологиялары жана искусствосу кафедрасында 2024-2025-окуу жылынын II жарым жылдыгына карата күндүзгү бөлүмдүн студенттеринин экзамендик иштеринин жыйынтыгы чыгарылды. Иш-чарага КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышты. Иш-чаранын алкагында Костюм жана текстиль технологиялары жана искусствосу кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы студенттердин практикалык, лабораториялык…

Профессор Ч.Койчуманова Казакстандык жаш окумуштуулар менен жолугушту
| | |

Профессор Ч.Койчуманова Казакстандык жаш окумуштуулар менен жолугушту

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Чолпон Койчуманова Казакстан Республикасынан келген жаш окумуштуулар менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга институттун кафедра башчылары жана Казахстандан келген илимий изилдөө институтунун кызматкерлери жана PhD докторанттар Нызан Ботагөз, Сулейманова Динара, Омарова Гульнар, Джумагалиев Дархан, Казыбаева Махаббат катышып, ТСУББИге атайын илимий…

КМУнун Медиаборборунун жетектөөчү адиси Э.Турдубекова I эл аралык “Сырдың Сабирасы” театр фестивалынын калыстар тобунда иш алып барды
|

КМУнун Медиаборборунун жетектөөчү адиси Э.Турдубекова I эл аралык “Сырдың Сабирасы” театр фестивалынын калыстар тобунда иш алып барды

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Медиаборборунун жетектөөчү адиси, редактор-котормочу, театр сынчысы, Эл аралык театр сынчылары биримдигинин вице-президенти Элеонора Турдубекова I эл аралык “Сырдың Сабирасы” театр фестивалынын Калыстар тобунун мүчөсү катарында иш алып барды. Аталган фестиваль 24-30-апрель күндөрү Н.Бекежанов атындагы Кызылорда облустук академиялык музыкалуу драма театрынын 70 жылдыгына арналып, СССРдин эл артисти, Толгонайдын ролун мыкты аткаргандыгы…

КМУнун окутуучулары эл аралык конкурсда І даражадагы диплом менен сыйланышты
| | |

КМУнун окутуучулары эл аралык конкурсда І даражадагы диплом менен сыйланышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Эл аралык журналистика жана медиа коммуникация бөлүмүнүн окутуучулары Елена Нооганова, Назира Бердигулова жана Айымкуль Мамаева Казакстандын Астана шаарында өткөн илимий конференцияга катышты. Конференциянын жүрүшүндө «Борбордук Азиянын эң мыкты педагогу» аталышындагы эл аралык конкурсда билим берүү жана илим тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн I даражадагы диплом,…

КМУнун студенттери II республикалык студенттик ИПКга катышты
| | |

КМУнун студенттери II республикалык студенттик ИПКга катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Кыргыз-Кытай факультетинин “Эл аралык мамилелер” адистигинин студенттери Курманбекова Айпери жана Эсенбекова Самира “Заманбап коомдогу улуттук баалуулуктарды жана маданиятты өнүктүрүүдө жаштардын ролу” II республикалык студенттик илимий-практикалык конференциясына катышты. ИПК КР Билим берүү жана илим министрлиги жана КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар…

КМУнун окутуучулары “Манас Ааламы – 2025” аталышындагы республикалык көргөзмөгө катышты
| | |

КМУнун окутуучулары “Манас Ааламы – 2025” аталышындагы республикалык көргөзмөгө катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын окутуучулары Бишкек шаарында өткөн “Манас Ааламы – 2025” аталышындагы республикалык көргөзмөгө катышты. Иш-чара “Манас” Улуттук академиясы жана Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзу тарабынан уюштурулуп, КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын ф.и.к. доц.м.а. Улуубек Закировдун жана профессор Базарбек Сыдыковдун…