КМУда “Студент-педагогдор үчүн математикалык марафон” иш-чарасы өттү
| |

КМУда “Студент-педагогдор үчүн математикалык марафон” иш-чарасы өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунда декадалык жумалыктын негизинде “Студент-педагогдор үчүн математикалык марафон” өттү. Марафон бир канча этаптан өтүп, студенттер күчтөрүн сынашты. Жыйынтыгында, калыстар тобу 1, 2, 3-орун ээлеген жеңүүчүлөргө грамота тапшырышты. Иш-чара Педагогика жана психология институтунун Табигый-математикалык билимдер жана аларды башталгыч мектепте окутуунун технологиялары кафедрасы тарабынан уюштурулду.

КМУнун студенттери «Информатика жана маалыматтык технологиялар» темасындагы Билгичтер турниринде I орунга ээ болду
| |

КМУнун студенттери «Информатика жана маалыматтык технологиялар» темасындагы Билгичтер турниринде I орунга ээ болду

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун I курсунун студенттери Ж.Баласагын атындагы КУУ уюштурган ЖОЖдор арасындагы «Информатика жана маалыматтык технологиялар» темасындагы Билгичтер турнирине катышты. Жалпы 8 команданын ичинен өзгөлөрдөн озуп чыгып, I орунду багындырган КМУнун студенттери өзүлөрүнүн билимин, аракетин жана команда менен иштеше билгендигин далилдешти. Мындай жетишкендикке жетүүдө студенттерге колдонмо информатика кафедрасынын ага…

КМУда “Билим берүүдөгү философиянын дүйнө караштык жана методологиялык функциялары” аталышында эл аралык ИПК өз ишин баштады
|

КМУда “Билим берүүдөгү философиянын дүйнө караштык жана методологиялык функциялары” аталышында эл аралык ИПК өз ишин баштады

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун 80 жылдыгына арналган “Билим берүүдөгү философиянын дүйнө караштык жана методологиялык функциялары” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин баштады. Конференцияга КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, КР УИАнын А.Алтмышбаев атындагы философия институтунун директору, профессор Нур Саралаев, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы…

КМУга Синьцзян педагогикалык университетинен делегация келди
|

КМУга Синьцзян педагогикалык университетинен делегация келди

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Кытай Эл Республикасынын Урумчи шаарындагы Синьцзян педагогикалык университетинен делегация келди. Делегациянын курамында Синьцзян педагогикалык университетинин ректору Мукай Жаркынбек, Синьцзян педагогикалык университетинин басма сөз катчысы Кань Бин, пландоо, өнүктүрүү кызматынын башчысы Яо Цзиньцзю, финансы бөлүмүнүн башчысы Дженс Юсуфу бар. Жолугушууга КМУнун Педагогика жана психология институтунун директору Гүлзат Казиева, Эл аралык мамилелер…

КМУнун студенттери Бурана тарыхый археологиялык комплексине барышты
| |

КМУнун студенттери Бурана тарыхый археологиялык комплексине барышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун студенттик “Билге” уюму Бурана тарыхый археологиялык комплексине барышты. Студенттерди Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Кыргызстандын тарыхы жана этнология кафедрасынын ага окутуучусу Чыңгыз Амантур уулу жетектеп барган. Экскурсиянын жүрүшүндө Бурана тарыхый археологиялык комплекси жана андагы тарыхый мурастар тууралуу маалыматтар берилди….

КМУда билим берүү программаларын аккредитациялоого даярдоо боюнча кеңешме өткөрүлдү

КМУда билим берүү программаларын аккредитациялоого даярдоо боюнча кеңешме өткөрүлдү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Билим берүү программаларын аккредитациялоо, лицензиялоо жана сапатына мониторинг жүргүзүү департаменти жана КМУнун Сапат кеңеши тарабынан орто, жогорку, PhD билим берүү программаларын эл аралык жана улуттук аккредитациялоого даярдоо боюнча кеңешме өткөрүлдү. Кеңешмеге КМУнун аккредитациялоо, лицензиялоо жана билим берүү программаларынын сапатына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзада Дүйшебаева, Билим берүү программаларын лицензиялоо, аккредитациялоо…

КМУнун студенттери Бурана тарыхый археологиялык комплексине барышты
| |

КМУнун студенттери Бурана тарыхый археологиялык комплексине барышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин студенттери Бурана тарыхый археологиялык комплексине барышты. Экскурсиянын жүрүшүндө Кыргызстандагы туристтик жерлер, алардын тарыхый жана маданий баалуулуктары жана өнүктүрүү жолдору тууралуу маалыматтар берилди. Экскурсиянын максаты: маданий мураска болгон кызыгууну арттыруу, архитектура жана дизайн тармагында практикалык билим алуу, изилдөөчүлүк жана байкоо көндүмдөрүн өнүктүрүү.

КМУнун студенттери УТРКнын тартуу иштерине катышты

КМУнун студенттери УТРКнын тартуу иштерине катышты

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери 9-Май – Улуу Жеңиш күнүнө карата УТРК тарабынан даярдалып жаткан атайын телеберүүгө тартылып, согуш маалындагы эпизоддорду аткарышты. Согушту жектеген, тынчтыкты жактаган улуу акындардын ырларын окуп, көрсөтүүнүн маңызын арттырууга салым кошушту.

КМУ И.Арабаев атындагы №102 орто мектебинде педагогикалык декада өткөрдү
| |

КМУ И.Арабаев атындагы №102 орто мектебинде педагогикалык декада өткөрдү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун педагогика кафедрасы Бишкек шаарынын И.Арабаев атындагы № 102 орто мектебинде педагогикалык декада өткөрүштү. Декаданын ачылышында И.Арабаев атындагы №102 орто мектебинин директору Рахат Дүйшөналиева жана Педагогика жана психология институтунун директору Гүлзат Казиева белгилүү агартуучу, саясий ишмер Ишеналы Арабаевдин аты берилген университет жана мектеп ортосундагы кызматташуу түзүлгөндүгү жана…

КМУда “Инсайттардын булагы – китеп” аталышында мастер-класс өттү
| |

КМУда “Инсайттардын булагы – китеп” аталышында мастер-класс өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 23-апрель – Эл аралык китеп күнүнө М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун Инновациялык технологиялар жана квалификацияны жогорулатуу борборунун тренерлери Эльмира Турсунова жана Сапарбек Оморов “Инсайттардын булагы – китеп” аталышында мастер-класс өтүштү. Мастер-класстын жүрүшүндө улуу жазуучу Ч. Айтматовдун жана коомдук ишмер Т. Эгембердиевдин китепке болгон кызыгуусу эмнеден башталганы тууралуу…