И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор А. Т. Абдраеванын Ак калпак күнүнө карата куттуктоосу
Урматтуу замандаштар, кесиптештер жана студенттер! Кыргыз эли эзелтеден баш кийимди ардактап, барктаган. Баш кийимге жараша адамдын статусу, кадыр-баркы, социалдык абалы, жашы аныкталган. Баш кийим кийүү этикасы кылдат сакталып, адамдын абалы, иш-аракети, сезим-туйгусу чагылдырылган. Айрыкча ак калпак — кыргыз элинин улуттук иденттүүлүгүн аныктаган, тарыхын тастыктаган, ар-намысты бийик тутууга үндөгөн улуттук баалуулуктун бири. Ак калпак Ала-Тоону элестетип,…