КМУнун окутуучулары жана студенттери «Музейлер түнүнө» катышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн институтунун ага окутуучулары Амираева Лайли, Закиров Улуубек, Мамбетакунов Рысбек, Ирсалиева Нургүл, Сабыров Мирлан жана 3-4-курстарынын студенттери Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусствосу музейинде 18-май Эл аралык «Музейлер түнүнө» жана музейдин 90 жылдыгына карата катышышты. Алар көркөм сүрөт искусствосунун түрлөрү боюнча музейге келген көрүүчүлөргө өнөр көрсөтүп, мастер-класстарды…