КМУнун студенттери «Ала-Тоо жазы» жаштар кароо-сынак фестивалынын финалында
|

КМУнун студенттери «Ала-Тоо жазы» жаштар кароо-сынак фестивалынын финалында

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери «Ала-Тоо жазы» жаштар кароо-сынак фестивалында финалга чыгып, автордук ырлар жана вокалдык искусство боюнча өз таланттарын тартуулоодо. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулуп, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүүдө.

КМУнун студенттери Кыргызстандагы кайрымдуулук уюмдарын бириктирүү боюнча республикалык форумуна катышышты
| | |

КМУнун студенттери Кыргызстандагы кайрымдуулук уюмдарын бириктирүү боюнча республикалык форумуна катышышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун “Юриспруденция” багытынын студенттери Борбордук Азиядагы Америка университетинде Кыргызстандагы кайрымдуулук кыймылдарын бириктирүү боюнча өткөн республикалык форумга катышышты. Иш-чарага өлкөнүн жогорку окуу жайларынан кайрымдуулук боюнча иш алып барган студенттери катышып, кайрымдуулук тармагындагы тажрыйбалары жана демилгелери менен бөлүшүштү. Студенттерибиз «Помогать легко» кайрымдуулук фонду менен бирге…

КМУга Өзбекстан жана Казакстандын өнөктөш ЖОЖдорунан өкүлдөр келди
| | |

КМУга Өзбекстан жана Казакстандын өнөктөш ЖОЖдорунан өкүлдөр келди

10-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун жана Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинен өкүлдөр келди. Келген конокторду И.Арабаев атындагы КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиев тосуп алышты. Делегациянын курамында Андижан мамлекеттик…

КМУда “Акыл ордо” аталышында интеллектуалдык оюн өттү
| | |

КМУда “Акыл ордо” аталышында интеллектуалдык оюн өттү

10-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Физика-математика факультетинде “Акыл ордо” аталышында интеллектуалдык оюн өттү. Иш-чара Физика жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын предметтик жумалыгынын алкагында уюштурулуп, ага КМУнун Физика-математика факультетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер арасында акыл-эстин жана логикалык ой жүгүртүүнүн күчүн текшерүү үчүн суроолор жана эсептер берилип, математикалык жана табигый илимдердин…

КМУнун PhD доктору Н.Абалова Махтумкули атындагы Түркмөн мамлекеттик университети уюштурган онлайн ИПКга катышты
| | |

КМУнун PhD доктору Н.Абалова Махтумкули атындагы Түркмөн мамлекеттик университети уюштурган онлайн ИПКга катышты

И.Арабаев атындагы КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Кыргыз-Кытай факультетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедрасынын доцентинин м.а., PhD доктору Н.Абалова жана «Эл аралык мамилелер» багытынын 3-курсунун студенти А.Мурзабекова Түркмөнстандын «Эл аралык тынчтык жана ишеним жылына» жана Түркмөнстандын бейтараптыгынын 30 жылдыгына карата Махтумкули атындагы мамлекеттик университети уюштурган «Туруктуу өнүгүү максаттарын…

КМУда “Санарип доордогу “Манас” эпосу жана мамлекеттик тил: жаш окумуштуулардын көз караштары” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин баштады
| | |

КМУда “Санарип доордогу “Манас” эпосу жана мамлекеттик тил: жаш окумуштуулардын көз караштары” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин баштады

11-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун 80 жылдыгына карата “Санарип доордогу “Манас” эпосу жана мамлекеттик тил: жаш окумуштуулардын көз караштары” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин баштады. Конференцияга КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек…

КМУда «Аалам мейкиндигиндеги сырлар» аталышында иш-чара өттү
| | |

КМУда «Аалам мейкиндигиндеги сырлар» аталышында иш-чара өттү

11-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун Гуманитардык жана табигый математикалык дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучулары Асел Сапаралиева жана Сезим Аскар кызы 12-апрель — эл аралык космонавтика күнүнө карата «Аалам мейкиндигиндеги сырлар» аталышында иш-чара өткөрдү. Иш-чарага КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө космос заманынын башталышы, астрономия илиминин…

КМУда “Жылдызга карай жол” аталышында иш-чара өттү
| | |

КМУда “Жылдызга карай жол” аталышында иш-чара өттү

11-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун 80 жылдыгына, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Светлана Артыкованын 85 жылдык юбилейине жана 12-апрель – эл аралык космонавтика күнүнө карата “Жылдызга карай жол” аталышында иш-чара өттү. Иш-чара КМУнун Физика жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын предметтик жумалыгынын алкагында уюштурулуп, ага физика-математика илимдеринин кандидаты Светлана Артыкова, КМУнун Физика-математика факультетинин деканы…

КМУда “Санарип доордогу “Манас” эпосу жана мамлекеттик тил: жаш окумуштуулардын көз караштары” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө
| | |

КМУда “Санарип доордогу “Манас” эпосу жана мамлекеттик тил: жаш окумуштуулардын көз караштары” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

11-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун 80 жылдыгына карата “Санарип доордогу “Манас” эпосу жана мамлекеттик тил: жаш окумуштуулардын көз караштары” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө. Конференцияга КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Мамлекеттик…

КМУнун студенттери Жогорку Кеңешке экскурсияга барышты
| | |

КМУнун студенттери Жогорку Кеңешке экскурсияга барышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Гуманитардык-педагогикалык колледжинин студенттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине экскурсияга барышты. Иш-чаранын жүрүшүндө КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары Эрнис Айдаралиев жана Динара Ашимова кабыл алып, студенттер менен пикир алышты. Экскурсиянын алкагында Жогорку Кенештин ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берилди.