И.Арабаев атындагы КМУнун ректору жатаканада жашаган студенттер менен жолугушту
И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева жатаканада жашаган студенттер менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда студенттер ЖОЖдун жетекчисине жашоо шартына, турмуш-тиричиликти уюштурууга, студенттик өзүн-өзү башкаруунун ишине, ошондой эле сабактан тышкаркы ишмердүүлүккө тиешелүү суроолор менен түздөн-түз кайрыла алышты. Ректор студенттер менен пикир алмашуунун маанилүүлүгүн белгилеп, университеттин администрациясы аларды өнүктүрүү жана өзүн-өзү ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө артыкчылык…