КМУнун студенттери жогорку окуу жайлар арасында өткөн конференцияга катышты
| | |

КМУнун студенттери жогорку окуу жайлар арасында өткөн конференцияга катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Эл аралык журналистика жана медиакоммуникациялар бөлүмүнүн студенттери Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата өткөрүлгөн «Иностран тилди билүү — инновациялык шарттарда иштөө үчүн негизги фактор» аталышындагы студенттик-магистердик илимий-практикалык конференцияга катышты. Иш-чара Кыргызстан эл аралык университети тарабынан уюштурулуп, өлкөнүн жогорку окуу жайларынан келген студенттер жана магистранттар…

КМУда Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата иш-чара өттү
| | |

КМУда Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата иш-чара өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунда Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата «Эч ким эч качан унутулбайт» аталышында иш-чара өттү. Иш-чарага М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун профессордук-окутуучулар курамы катышып, Улуу Жеңиштин тарыхый мааниси жана кыргыз жоокерлеринин эрдиктери тууралуу маалыматтар берилди. Иш-чаранын алкагында институттун профессордук-окутуучулар курамы…

КМУнун окутуучулары Бишкек шаарынын 147 жылдыгына арналган көргөзмөгө катышты
| | |

КМУнун окутуучулары Бишкек шаарынын 147 жылдыгына арналган көргөзмөгө катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери Бишкек шаарынын 147 жылдыгына жана белгилүү скульптор О.М. Мануилованын туулган күнүнө карата өткөрүлгөн сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсүнө катышты. Сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү белгилүү скульптор О.М. Мануилованын мемориалдык үй-музейинде уюштурулуп, Искусство жана дизайн факультетинин Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын профессору Б.Сыдыков “Бишкек…

КМУнун окутуучулары II Эл аралык симпозиумга катышты
| | |

КМУнун окутуучулары II Эл аралык симпозиумга катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин окутуучулары Нур-Султан шаарындагы Евразиялык Эл аралык Университетинде өткөн «Салттуу маданият жана искусство: билим берүү, изилдөө, кадрдык жана санариптик трансформация» аталышындагы II Эл аралык симпозиумга катышты. Симпозиумда чыгармачылык эмгектери менен активдүү катышкандыгы үчүн Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын ф.и.к., доценттин м.а. Улуубек Закиров, ага окутуучулар Лайли Амираева,…

КМУнун студенттери мобилограф Б. Жанузаковдун мастер-классына катышты
| | |

КМУнун студенттери мобилограф Б. Жанузаковдун мастер-классына катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Эл аралык журналистика жана медиакоммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Элвира Сатыбекова жана студенттер тажрыйбалуу мобилограф Бакытбек Жанузаковдун мастер-классына катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө социалдык тармактар үчүн туура жана таасирдүү видео тартуунун сырлары, видеону вируска айландыруу ыкмалары менен бөлүштү. Бул мастер-класс студенттер үчүн заманбап медиа тармагында эффективдүү иштөөгө ыкмаларын үйрөнүүгө…

КМУнун окутуучулары Алматы шаарында өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты
| | |

КМУнун окутуучулары Алматы шаарында өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун, Гуманитардык-педагогикалык колледжинин профессордук-окутуучулар курамы Казакстандын Алматы шаарында өткөн «Заманбап башталгыч билим берүү: глобалдашуунун көйгөйлөрү жана санариптик трансформация» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Иш-чара Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинде өткөрүлүп, Түркиянын, Венгриянын жанаТатарстандын окумуштуулары өз докладдарын окушту. Конференциянын алкагында КМУ жана Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинин…

КМУнун студенттери «Ата-Бейит» тарыхый мемориалдык комплексине барышты
| | |

КМУнун студенттери «Ата-Бейит» тарыхый мемориалдык комплексине барышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин студенттери «Ата-Бейит» тарыхый мемориалдык комплексине барышты. Иш-чаранын негизги максаты – студенттерге Кыргызстандын тарыхын, баатырларын жана улуттук баалуулуктарды терең түшүндүрүү. Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер репрессия курмандыктарына арналган мемориал жана тарыхый эстеликтер менен таанышты. Иш-чара студенттерге терең ой жүгүртүү, жарандык аң-сезимди калыптандыруу жана мекенге болгон сүйүүнү арттыруу максатын көздөйт.

КМУнун окутуучулары Казакстандан келген студенттерди «Ала-Арча» Улуттук жаратылыш паркы менен таанышты
| | |

КМУнун окутуучулары Казакстандан келген студенттерди «Ала-Арча» Улуттук жаратылыш паркы менен таанышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун Экология жана туризм кафедрасынын окутуучулары, Казакстан Республикасынын Султан Торайгыров атындагы Павлодар университетинен келген студенттер Ала-Арча Улуттук жаратылыш паркы менен таанышты. Иш-чара Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында уюштурулуп, студенттер «Ала-Арча» Улуттук жаратылыш паркынын табигый өзгөчөлүктөрү, экосистемасы жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кенен маалымат алышты.

КМУда «Тамак сиңирүү системасы жөнүндө окуу» аталышында лекция өттү
| | |

КМУда «Тамак сиңирүү системасы жөнүндө окуу» аталышында лекция өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын доценти, биология илимдеринин кандидаты Сатина Акунова “Адамдын анатомиясы жана морфологиясы дисциплинасы” боюнча “Тамак сиңирүү системасы жөнүндө окуу” аталышында лекция өттү. Иш-чара табият таануу жумалыгынын алкагында уюштурулуп, КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Гүльназ Жалилова, профессордук-окутуучулар курамы жана…

КМУнун «ЭКО муун» ийрими «Жашыл толкун» аталышындагы методикалык семинарга катышты
| | |

КМУнун «ЭКО муун» ийрими «Жашыл толкун» аталышындагы методикалык семинарга катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун «ЭКО муун» ийрими «Жашыл толкун» аталышындагы методикалык семинарга катышып, «Туура тамактануу» боюнча мастер-класс көрсөтүштү. Иш-чара А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында өтүп, ага “ЭКО көзөмөл”, МП “Тазалык”, “МП Бишкек”, “Жаштар саясаты башкармалыгы”, «Роза Отунбаеванын демилгеси», Ага-Хан фонду жана башка экология тармагында иш алып барган уюмдар…