КМУда фурошики даярдоо боюнча мастер-класс өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Японтаануу институтунда фурошики даярдоо боюнча мастер-класс өттү. Иш-чара япон тили жумалыгынын алкагында уюштурулуп, ага Японтаануу институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө кездемени туура жана натыйжалуу колдонуу ыкмалары, ошондой эле, фурошикинин тарыхы жана анын Япониянын күнүмдүк турмушундагы ролу тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Иш-чара КМУнун Японтаануу институту тарабынан уюштурулду.