КМУнун студенттери үчүн УТРКнын Улуттук Биринчи каналынын продюсери Алмаз Касымалиев лекция окуду
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Эл аралык журналистика жана медиакоммуникациялар бөлүмүнүн студенттерине УТРКнын Улуттук Биринчи каналынын продюсери Алмаз Касымалиев “Телевизиондук репортаж жанрлары” аталышында лекция окуду. Иш-чара Мамлекеттик тил жана маданият институтунун предметтик жумалыгынын алкагында уюштурулуп, УТРКнын студиясында өттү. Лекциянын жүрүшүндө Алмаз Касымалиев өзүнүн кесиптик тажрыйбасы менен бөлүшүп, репортаж жанрларынын өзгөчөлүктөрү,…